АКШнын Соода министрлиги жергиликтүү убакыт боюнча 9-июнда Украинадан импорттолгон болотко карата бажы төлөмдөрүн бир жылга токтото турганын жарыялады.
АКШнын соода министри Реймонд өз билдирүүсүндө Украинага Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдан экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн АКШ Украинадан болот импортуна тарифтерди алууну бир жылга токтото турганын билдирди. Реймонддун айтымында, бул кадам украин элине АКШнын колдоосун көрсөтүү үчүн жасалган.
АКШнын Соода министрлиги билдирүүсүндө болот өнөр жайынын Украина үчүн маанисин баса белгилеп, Украинада ар бир 13 адамдын бири болот заводунда иштей турганын билдирди. "Болот заводдору украин элинин экономикалык тиреги бойдон калышы үчүн болотту экспорттой алышы керек", - деди Раймонд.
АКШнын маалымат каражаттарынын статистикасына ылайык, Украина дүйнөдөгү 13-орунда турган болот өндүрүүчү болуп саналат жана анын болотунун 80% экспорттолот.
АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматы боюнча, АКШ 2021-жылы Украинадан 130 000 тонна болот импорттогон, бул АКШнын чет өлкөлөрдөн импорттогон болоттун 0,5% гана түзөт.
АКШнын маалымат каражаттары Украинага болот импортуна тарифтердин токтотулушу "символикалык" деп эсептешет.
2018-жылы Трамптын администрациясы "улуттук коопсуздук" максатында Украинаны кошо алганда, көптөгөн өлкөлөрдөн импорттолгон болотко 25% тариф киргизгенин жарыялаган. Эки партиянын тең көптөгөн конгрессмендери Байдендин администрациясын бул салык саясатын жокко чыгарууга чакырышкан.
АКШдан тышкары, Европа Биримдиги жакында Украинадан импорттолгон бардык товарларга, анын ичинде болотко, өнөр жай продукцияларына жана айыл чарба продукцияларына бажы төлөмдөрүн токтотту.
Орусия 24-февралда Украинада аскердик операцияларды баштагандан бери, АКШ Украинага жана анын тегерегиндеги өнөктөштөрүнө 3,7 миллиард долларга жакын аскердик жардам көрсөттү. Ошол эле учурда, АКШ Орусияга каршы бир нече санкцияларды киргизди, анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путинге жана башка адамдарга каршы санкциялар, айрым орусиялык банктарды дүйнөлүк банктык жана финансылык телекоммуникациялык ассоциациясынын (Swift) төлөм системасынан чыгаруу жана Орусия менен кадимки соода мамилелерин токтотуу.
Жарыяланган убактысы: 2022-жылдын 12-майы
